Трамптын мурдагы юристи үч жылга абакка кесилди
АКШ президенти Дональд Трампка узак жылдар бою жеке юрист катары иштеген Майкл Коэн 12 -декабрда үч жылга абакка кесилди. Ал салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылды. Өкүмдү Нью-Йорк шаарынын райондук судьясы чыгарды. Тергөөнүн эсебинде, Коэн 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда президент Дональд Трамп менен мурда “жеке байланышта болгонбуз” деп ырастаган эки аялга 130 миң долларды ооз басырык катары берүүгө жашыруун катышкан. Читать дальше...