Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2018

Новости за 20.12.2018

Azattyk.org 

Бразилия: башкы прокурор президент Темерге айып койду

19-декабрда Бразилиянын башкы прокурору өлкө президенти Мишел Темерге коррупция жана арам акчаны адалдоо боюнча айып такты. Бул ишти көзөмөл органы бир нече айдан бери иликтеп жүргөн. Прокуратуранын маалыматында президент 2017-жылкы портторду колдонуу келишимдерин дагы жетимиш жылга чейин узарткан жарлыгы үчүн "пара алган" деп айтылат. Президенттик администрация мындан бир да "компания мыйзамсыз пайда көрбөгөнүн Темер далилдейт" деген билдирүү таратты. Өлкө башчысына байланыштуу сот иши парламенттин уруксатысыз башталбайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Халилзад: “Талибандын” тынчтык ниети күмөн санатууда

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад "Талибан" кыймылынын ооган жергесиндеги 17 жылдык согушту басууга аракети жоктугун белгилеп, кыймылдын мүчөлөрү Кабул өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө келүүдөн баш тартканын билдирди. 20-декабрда Халилзад оогандардын “Ариана” маалымат агенттиги менен болгон маегинде “алар дагы кандай кадам жасарын күтүшүбүз зарыл” деди. Чабармандын айтканына караганда, ооган өкмөтү согушту аяктоого кызыкдар болгону менен “Талибан” кыймылынын “чындап тынчтыкка умтулганы күмөндүү”. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттар кайым айтышты

Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жалпы жыйынында Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алуу депутаттардын талаш-тартышы менен коштолду. Жыйынтыгында электрондук жабык добуш берүү болуп, Кодуранованы төраганын орун басарлыгынан алууну 92 депутат колдоп, 19у каршы болду.

Azattyk.org 

Экс-премьер соттун абалын эми түшүндү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) абактагы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун президент Сооронбай Жээнбеков менен аппараты тууралуу дооматтарын четке какты.

Azattyk.org 

Казакстан Сириядан балдарын кайтарууда

Америкалык аскерлер Сириядан чыгарылат. Президент Трамптын бул чечимине бир топ сенатор каршы. Тажик президентинин даңазасы. Эмомали Рахмон тууралуу даректүү тасма элге, бери дегенде жаштарга жапырт көрсөтүлүүдө. Бразилия башпрокуратурасы кызматтан кетип жаткан президентке айып такты

Azattyk.org 

Кодуранованын кетиши чыр менен коштолду

КСДП фракциясынын сунушунун негизинде депутат Асел Кодуранова Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан алынды. Жыйында добуш берүүгө катышкан 111 депутаттын 92си сунушту колдоп, 19 депутат каршы добуш берди.

Azattyk.org 

Сибирде калган боордоштор

Орусияда 190дон ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Аянты боюнча эң чоң бул өлкөдө 270тей ар түркүн тил жана диалект бар. Жыл сайын эне тилинде сүйлөгөндөр азайып бараткан элдердин арасында шорлор жана ханттар да бар.

Azattyk.org 

"Азаттыктын" каарманы Жибек үйгө жетти

Күйөөсү менен Нижне-Серафимовкадагы майыптар жана карылар үйүндө жашап, уулун аргасы жок балдар үйүнө берген Жибек Сагынбекова тууралуу "Азаттык" радиосу тасма тарткандан кийин анын турмушу өзгөрүп, үйлүү болду. Бир жыл мурун даярдалган тасмада Жибек наристесин өз колуна алып багуу үчүн мамлекеттен батир сураган эле. Тагдыр сыноосуна моюн сунбаган Жибектин ишеними менен келечекке умтулуусун колдогон кайрымдуу адамдар эки жума мурун үй сатып беришип, жаш үй-бүлөнү зор кубанычка бөлөштү.

Azattyk.org 

Исаков: менин процессимдин артында Сооронбай Жээнбеков турат

Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков өзүнө карата козголгон кылмыш иштеринин, соттук териштирүүлөрдүн артында президент Соронбай Жээнбеков турат деп эсептейт. Исаков бул тууралуу 18-декабрда Бишкек шаардык сотунда өзүнүн бөгөт чарасы каралган учурда айткан. Анын сөзүн текст түрүндө Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) таратты. Ошондой эле "Апрель" телеканалы соттон жазылып алынган аудиону жарыялады.     "Мен бул процесстердин артында президенттин аппараты турганын жана ал сиздин дем алганыңызды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Путин: Керч жаңжалы, өзөктүк согуш

Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн айда болгон Керч кысыгындагы жаңжал үчүн Украинаны дагы бир жолу айыптап, АКШны куралданууну токтотуу боюнча эл аралык системаны бузуп жатат деп сындады. Бул тууралуу ал 20-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында билдирди.

Azattyk.org 

Майыптар конвенциясы биринчи окуудан өттү

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-декабрдагы сессияда "Майыптардын укуктары жөнүндөгү" БУУнун конвенциясын биринчи окууда талкуулап, кабыл алды.   Документ каржы маселесине байланыштуу жети жылдан бери кабыл алынбай келе жаткан. 5-ноябрда аны парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган.  БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган бул конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы кол койгону менен парламент бекитип бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кыргыз чоролорунун" талабы

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди отуз күн ичинде мамлекеттен чыгарууну бийликтен талап кылды.

Azattyk.org 

Трамптын Сирия боюнча күтүүсүз чечими

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын билдирди. 19-декабрда жарыяланган чечим көптөр үчүн күтүүсүз болду. Бир катар сенаторлор президенттин бул кадамын айыпташып, чечимин өзгөртүүгө чакырышты.

Azattyk.org 

Райымбек Матраимовдун ишин кароо 28-декабрда уланат

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан ишти кароону 28-декабрда улантмай болду. 20-декабрдагы отурумда сот өкмөт өкүлүнө тийиштүү документтердин түп нускасын алып келүүнү талап кылды.  Кыргыз өкмөтү райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен 17-августта кайрылган. Ага чейин, 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Окуучуну сүзүп кеткен айдоочу табылды

Бишкекте окуучуну сүзгөн айдоочу ким экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн 20-декабрда Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 18-декабрда Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жолдон өтүп бараткан сегиз жаштагы баланы машине сүзгөн. Бала жыгылып, бирок дароо туруп, басып кеткен. Ал денесинен жеңил жараат алганы аныкталды. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында "Ниссан Мурано" машинесинин 31 жаштагы айдоочусу Бишкек шаарынын тургуну экени такталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мирзиёевге даттанган мурдагы имам Өзбекстандан чыгып кетти

Ташкенттин Юнусобод районундагы "Омина" мечитинин мурдагы имамы Фазлиддин Парпиев өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу ал 19-декабрда “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирип, буга өзбек прокуратурасынын эскертүүлөрү себеп болгонун айтты. Ал быйыл 7-сентябрда өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге видео аркылуу кайрылып, укук коргоо органдары жарандардын дин тутуу укугун бузуп жатканын айткан. Анда имам милиция кызматкерлерин “сакалчан мусулмандар менен хижаб кийген аялдарга басым жасап жатат” деп айыптаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда түмөндөгөн таксисттер иш таштады

Түштүк Кореяда түмөндөгөн таксисттер иш таштап, борбор шаар Сеулда митингге чыгышты. Алар "Kakao Mobility" компаниясынын жаңы карпулинг кызматына каршы болуп жатышат. Кызмат жеңил машинеси бар каалаган айдоочуга көчөдөн жүргүнчү алууга жол ачат. Ал чөнтөк тиркеменин жардамы менен ишке ашырылганы жаткан. Буга каршылык билдирүү максатында мурдагы аптанын дүйшөмбүсүндө жергиликтүү таксист өзүн өзү өрттөп жиберип, ооруканада каза болгон. "Kakao Mobility" ошондон көп өтпөй эле жаңы кызматты ишке киргизүүнү убактылуу токтоткон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Латвия КГБнын архивиндеги документтерди жарыялай баштады

Латвиянын улуттук архиви Латвия ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитети – КГБнын картотекасындагы материалдарды Интернетке жарыялады. Бул өлкөдө советтик атайын кызматтын архивиндеги материалдарды жарыялоо жөнүндө мыйзамга толуктоо быйыл октябрда киргизилген.  «Азаттык» радиосунун орус кызматы билдиргендей, декабрда 10 миңден ашуун кишинин аты-жөнү алфавит боюнча жарыяланат. Алар - атайын кызмат күчүндө турганда иштешкен жана андан айдалган агенттер. Ошондой эле КГБнын Биринчи бөлүмүндөгү маалымат да жарык көрөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбеков: УКМК туура маалымат берүүгө басым жасашы зарыл

"Күч колдонуудан мурда түшүндүрүү иштерине, туура маалымат берүүгө басым жасаш керек" деди бүгүн 20-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте улуттук коопсуздук кызматкерлерине кайрылып жатып. Ошону менен катар президент "кыраакылыкты жана террорго каршы иш-чараларды күчөтүп, тийиштүү күчтөр менен каражаттар ар дайым күжүрмөн даярдыкта болушу зарыл" экенин белгиледи. Президент мекен сакчылыгында туруп, каармандык менен курман болгон коопсуздук органдарынын кызматкерлерин эскерип, элесине таазим этип... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК: Сапар Исаковдун башка да мыйзам бузган учурлары иликтенип жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу коррупциялык иштерден тышкары башка да мыйзам бузган учурлары иликтенип жатканын билдирди. Бирок ал кайсы фактылар экенин анык айткан жок. - Башка долбоорлордо да мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы боюнча далилдер бар. Бул фактылар териштирилип жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө материалдар Башкы прокуратурага, андан ары сотко жөнөтүлөт, - деди ал. Читать дальше...

Azattyk.org 

Луазо: Франция ИМ тобуна каршы күрөштү улантат

АКШнын Сириядан аскерлерин чыгаруу боюнча чечимине карабастан Франция Жакынкы Чыгыштын бул өлкөсүндөгү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы коалициянын операцияларына катыша берет. Бул тууралуу Франциянын Европа иштери боюнча министри Натали Луазо 20-декабрда журналисттерге билдирди.  "Албетте, азырынча биз Сирияда кала беребиз. Террорчулукка каршы күрөш аяктай элек", - деди француз министри.  Анын алдында Улуу Британиянын өкмөтү да билдирүү таратып, анда Сириядагы ИМ тобуна каршы күрөштө дагы көп иш жасалышы керек экенин белгиледи.

Azattyk.org 

"Кыргыз чоролору" бийликке талап койду

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди отуз күн ичинде мамлекеттен чыгарууну бийликтен талап кылды. Кытайдын "тарбиялоочу лагерлериндеги" кыргыз улутундагы ар бир жарандын камакка алынуу себебин ачык айтууну өтүнгөн кат элчиликке тапшырылды. Акция 20-декабрда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында өттү.

Azattyk.org 

Путин аскердик келишимдер боюнча АКШны айыптады

Орус президенти Владимир Путин АКШны аскердик келишимдерден чыгып жатканы үчүн айыптап, дүйнөдө өзөктүк согуш чыгып кетүү коркунучун көз жаздымда калтырбашы керек экенин эскертти. Ал 20-декабрда Москвадагы жылдык басма сөз жыйынында мамлекеттик телеканалдын журналистинин суроосуна жооп берип жатып, өзөктүк согуш бүтүндөй планетага бүлгүн салаарын белгиледи жана Батыш менен Москванын ортосундагы чыңалуу жөнгө салынаарына үмүт кылып турганын кошумчалады. Орус президенти АКШнын 2002-жылы Баллистикалык... Читать дальше...


Подмосковные школьники победили в Азиатской олимпиаде по физике

В Москве совершено нападение на главу АНО «Цифровые технологии» Щельцина

Москвич застрял пенисом в цементе, когда делал его скульптуру

Как сложилась судьба главных звезд сериала «Моя прекрасная няня»



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Шадаев пожелал скорейшего выздоровления главе АНО «Цифровые платформы»

Концерты детского патриотического конкурса прошли в Музее Победы

Участники форума «Формируя будущее» посетили выставку «Россия» на ВДНХ

СК в Москве возбудил дело после нападения на главу АНО "Цифровые платформы"

Музыкальные новости

Актер Театра сатиры Анисимов перенес инфаркт при знакомстве с новым руководством

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки

Низкой ставки не будет, задумка ЦБ понятна без лишних слов. Экономист указал на большую опасность

Новости России

В Москве совершено нападение на главу АНО «Цифровые технологии» Щельцина

Вакцине от рака установили сроки // Что известно о разработке российского препарата

Легкоатлетка Тангара назвала кринжем участие Бузовой в забеге на Никольской

Песков: Запад вводит цензуру для своих СМИ

Экология в России и мире

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Жители Барнаула помогут сделать родной город чище

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

Адские цены на Сочи и Анапу заставили российских туристов найти новые пути экономии

Спорт в России и мире

Экс-теннисист Ольховский: Рублев не успел набрать форму на "Ролан Гаррос"

Теннисистка Андреева заявила, что хочет войти в топ-20 рейтинга WTA ради собаки

Зверев вышел в финал «Ролан Гаррос»

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

Moscow.media

Несмотря на санкции, Amazon поставляла технологии распознавания лиц в Россию

Гора Бабырган

Работать там, где удобно: беспроводная гарнитура Fstyler BH230 от A4Tech

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *