КТР: Султан Абдыракмановдун реформатордук салымы
Таанымал журналист жана публицист Султан Абдыракмановдун 2005-жылдагы КТРдин ыңкылапчы жетекчиси катары иш-аракети бул компаниянын берүүлөрүн мазмундук жактан жаңыртууга байланышкан.
Таанымал журналист жана публицист Султан Абдыракмановдун 2005-жылдагы КТРдин ыңкылапчы жетекчиси катары иш-аракети бул компаниянын берүүлөрүн мазмундук жактан жаңыртууга байланышкан.
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Аны кармоо учурунда жаракат алган милиция кызматкери жана ок кайып кетип башына тийген жаран ооруканада жатышат.
Индонезия бийлиги маалымдагандай, цунами курмандыктарынын саны 373 болду, дагы 1400 киши жаракат алды, кеминде 120 адамдын дайыны белгисиз: - Мен курмандыктарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кырсыктан аман калгандарды сабырдуу болууга чакырам. Азыркы учурда ар бир адам сак жана сергек болушу шарт. Биз элди көчүрүү иштерин улантып, каза болгондорду алып чыгып жатабыз. Жаракат алып ооруканага жеткирилгендер да көзөмөлдө, - деди Индонезиянын президенти Жоко Видодо. Цунамиден улам жүздөгөн үйлөр... Читать дальше...
Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” агенттиги маалымдагандай, өлкөнүн түштүк-чыгышында Сирия менен чек арадагы Килис провинциясына аскерлер, танктар жана замбиректер жеткирилди. “Хурриет” басылмасы болсо ушул дем алыш күндөрдөн бери Сириянын Түркия менен чектеш Ал-Баб аймагына 100гө жакын жүк тарткан унаа өткөнүн кабарлады. “Анадолу” агенттигинин маалыматына караганда, Сириянын ичинде Түркия колдогон оппозициячыл согушкерлер Манбиж шаарынын айланасына жыйналууда. Сириянын түндүгүндөгү Манбиж шаарын азыр АКШ колдогон күрт кошуундары ээлеп турат.
Кеминдик улакчы Андрейдин кыялы. Кадамжайдагы урап бараткан үйдөгү үрөй учурган жашоо. Түркияда кыргыз радиосун түптөгөн мекендеш. Ушул баяндар бул жолку “Данисте” топтомунун мазмунун түздү.
23-декабрда Жети-Өгүздө таяк жеген наристе чарчап калды. Энеси миграцияда жүргөн бир жарым жаштагы ымыркайдын өлүмү үчүн анын таежеси камакка алынды. Андан бир күн мурун Нарында аялды жана анын неберелерин өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул балдардын ата-энеси да миграцияда жүргөн.
Индонезиядагы цунами 300гө жакын адамдын өмүрүн алды, жабыркагандардын саны миңден ашты. Мьянма соту “Рейтер” агенттигинин эки кабарчысынын апелляциялык арызын карады. Түркмөн президенти эми немисче обон созду.
Бүгүн Пакистандын Антикоррупциялык соту мурдагы премьер-министр Навази Шарифти жети жылга түрмөгө кескен жаңы өкүм чыгарды. Сот өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысын бул ирет анын буга чейинки киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Шариф өзү кмыйзам бузбаганын, ага каршы айыптардын баарынын саясий жүйөсү бар экенин айтууда. Ал өкүмдү апелляцияга бере алат. Бүгүн өкүм жарыяланар замат судья Шарифти баш калаа Исламабаддын жанындагы түрмөгө камоого да буйрук берди. Читать дальше...
Дрон же квадрокоптер - атайын түзүлүштүн жардамы менен аралыктан башкарылчу учма аппарат.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча Суракматов өзү арыз жазган. БШК бул арызды карап, канааттандырды. Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп 8-августта шайланган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы көрсөтүп, көпчүлүк колдогон. Читать дальше...
Индонезияда 22-декабрь күнү кечинде жанар тоо атылгандан кийинки цунами жүздөгөн адамдын өмүрүн алды. Өлкө бийлиги кабарлагандай, акыркы маалыматтарда 281 киши көз жумуп, дагы 1000дей адам жаракат алган. Мындан тышкары 50 киши дайынсыз болууда. Бийлик өкүлдөрү курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертип жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Музаффар Исаков өз каалоосу менен депутаттык мандатынан баш тарта тургандыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Эл өкүлүнүн арызы бүгүн, 24-декабрда келип түшкөнүн “Азаттыкка” БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “Коррупция” беренеси менен өткөн жылдын башында кылмыш ишин козгогон. Депутат "Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде... Читать дальше...
Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева мындан эки жыл мурун судья кезинде чыгарган чечимине байланыштуу камакка алынды.
Индонезияда 22-декабрь күнү кечинде жанар тоо атылгандан кийинки цунами жүздөгөн адамдын өмүрүн алды.
Президентке караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу 24-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңештин жаңы шайланган төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алган учурда белгилүү болду. Анда кеңештин иши талкууланып, сот реформасынын алкагында кеңештин орду, аткара турган иштери туурасында маалымат берилди. Мамлекет башчы сотторду тандоо сынагын өткөрүүнүн сапатын жогорулатуу жана жаңы талапкерлерди тандоодо алардын кесипкөйлүк, адилеттүүлүк... Читать дальше...
Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыгып, бир ай ичинде териштирүү жыйынтыкталат. Бул тууралуу 24-декабрдагы басма сөз жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Министр музейдин расмий ачылышы 2019-жылга белгиленгенин, бирок так датасы белгисиз экенин айтты. Ал музей “жайкы туристтик мезгилге карата ачылышы керек” экенин белгиледи. Бишкектеги Улуттук тарых музейи Маданият министрлигинин карамагында турат. Аны жаңылоого байланыштуу жумуштарга көзөмөл жүргүзүү Архитектура... Читать дальше...
Чыңгыз Айтматовду партиялык төбөлдөр эмнеликтен жактырышкан эмес? Кыргызстанда укуктук маданиятты кантип калыптандырууга болот?
Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөт башчысына жер маселесине байланыштуу жергиликтүү элдин нааразылыгы күч алды. Аталган айыл өкмөт башчысынын Боз, Сулайманабад айылдарындагы жер тилкелерин турак жай тургузууга берүүсүнө байланышкан кылмыш иштерин облустук прокуратура козгоп, иликтөөгө жиберген. Ошол эле учурда жергиликтүү активисттер айыл өкмөт башчысы Кызыл-Кыя аэропортуна тиешелүү жерди да турак жай курууга берип салган деп даттанууда.
Москвадагы “Левада борбордун” сурамжылоосу ушуну көргөздү. Анын сурамжылоосуна тартылгандардын 47% Орусиянын 2018-жылдагы эң башкы окуясы катары Крым көпүрөсүнүн ачылышын аташкан. Экинчи орунга 46% менен пенсиялык реформа чыккан. Ал эми жылдын үчүнчү маанилүү окуясы деп орусиялыктар президенттик шайлоону эсептешкен. Бул пикирди cурамжылоого катышкандардын 37% билдирген. Керч кысыгында Орусиянын калган аймагын 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралы менен кургактан байланыштырган чоң көпүрөнү Москва быйыл май айында ишке киргизген. Читать дальше...
Шах Мехмуд Куреши Кабулда ооган президенти Ашраф Гани менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кабулдагы иш сапарын утурлай Пакистандын тышкы саясий мекемесинин башчысы: “Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы жакшы мамиле, аны менен катар Ооганстандагы тынчтык аймактагы туруктуулук үчүн чечүүчү мааниге ээ. Пакистан Ооганстанда туруктуу тынчтык орношун каалайт”,- деп ырастады. “Талибан” кыймылына таасири бар экени сөз болуп жүргөн Пакистан азыр АКШнын Ооганстан боюнча тынчтык жараянын кайра жандандыруу аракеттерине катышууда. Читать дальше...
25-декабрда кээ бир райондордо кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -5...-10, күндүз +1…+6, Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз +1…+6, Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…+5, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+7, Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот. Читать дальше...
Санариптик трансформациянын “Санарип Кыргызстан 2019-2023” концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул боюнча буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жумушчу топко Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жетекчилик кылат. Анын курамына президенттин кеңешчиси Дастан Догоев (жумушчу топтун жетекчисинин орун басары), өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдралиева, премьер-министрдин кеңешчиси Эдуард Турдалиев... Читать дальше...
Бул тууралуу Пентагондун өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен америкалык медиа кабарлоодо. СNN телеканалынын кабарына караганда, АКШнын Сириядагы аскерлерин чыгаруу боюнча буйрукка кызматтан кетип жаткан коргоо министри Жим Мэттис кол койгон. Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо жөнүндө өз чечимин алгач 19-декабрда жарыялагандан кийин аны Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан. АКШнын Европадагы башкы өнөктөштөрү: Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Читать дальше...
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкек шаарынын экологиясына дрон менен байкоо жүргүзүп турат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматына караганда, агенттиктин кызматкерлери күн сайын шаардын борбордук көчөлөрүнө, жаңы конуштарга, мончолорго, сауналарга жана чоң-чоң жеке менчик ишканалар менен базарларга көз салып, адамдар таштанды ыргыткан, дөңгөлөк жаккан учурларды текшерип турушат. Мыйзамга туура келбеген фактылар тууралуу маалыматтар ИИМге, Мамэкотехинспекцияга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилет. Читать дальше...
Нидерланддын отставкадагы генералы Патрик Каммарт баштаган топ Йемендин Ходейда портундагы кырдаалга көз салышы керек. Ходейда порту - Йемендин калкы өтө муктаж болгон гуманитардык жардамды кабыл алган негизги түйүн. БУУнун миссиясы Ходейдага борбор Санада козголоңчулардын, ал эми Аден шаарында өкмөттүн өкүлдөрү менен жолуккан соң келди. Йемендеги каршылашкан тараптар ушул айдын башында Швециядагы сүйлөшүүлөрдө азыр козголоңчулар ээлеп турган Ходейда порттук шаарында ок атышууну токтотууну макулдашкан. Читать дальше...