Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2018

Новости за 10.12.2018

Azattyk.org 

Мэй: Брексит келишимине добуш берүү кийинкиге жылдырылат

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй британ парламентинде Брексит келишимине добуш берүү кийинкиге жылдырыларын билдирди. Ал Өкүлдөр палатасындагы чукул кайрылуусунда британ өкмөтү менен Евробиримдиктин ортосунда өткөн айда макулдашылган келишим парламентте чоң айырма менен четке кагылышы мүмкүндүгүн мойнуна алды. Ошол эле учурда бул келишимди туура мунаса катары мүнөздөп, депутаттарды тынчсыздандырган маселелер боюнча Евробиримдик менен сүйлөшүшү мүмкүндүгүн ишара кылды. Ноябрдын соңунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украин президенти Орусия менен достук келишимин токтотту

Украинанын президенти Петро Порошенко Орусия менен достук келишимин жокко чыгарган мыйзам долбооруна кол койду. Ал 10-декабрдагы видео кайрылуусунда бул мыйзамды "колониалдык тарыхтан толугу менен баш тартуу жана Европага кайра багыт алуу" аракети деп мүнөздөдү. Украина менен Орусиянын ортосундагы достук, кызматташтык жана өнөктөштүк келишими 31-мартта аягына чыгат. Украин депутаттары бул келишимди жокко чыгарган мыйзам долбоорун 6-декабрда жактырган. Достук келишими 1997-жылы 31-майда он жылдык мөөнөткө кабыл алынып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атамбаев президент менен элдешүүгө аракет кылганын айтты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен элдешүү үчүн жыл башынан бери бир топ кишини ортого салып көргөнүн, президент жана анын туугандары бул ишараны туура эмес түшүнгөнүн айтты. Атамбаев бул оюн “Апрель ТВ” телеканалынын журналистинин “Сооронбай Жээнбеков экөөңөр элдешсеңер болбойбу?” деген суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Улуу башты кичүү кылып, "элдешели-жарашалы, мунун эч кимге кереги жок" дедим. Чыр чыгарып, ынтымакты кетирип эмне пайда табат түшүнбөй жатам. Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдик Донбасстагы шайлоо боюнча тогуз кишиге санкция салды

Европа Биримдиги Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өткөн айдагы шайлоосун уюштурууга тиешеси бар делген тогуз адамды "кара тизмеге" киргизди. Мындай чечим уюмдун тышкы иштер министрлеринин 10-декабрда Брюсселде өткөн жыйынында кабыл алынды. Тизмеге Донбасстагы жикчилдердин лидерлери, жергиликтүү кеңештердин башчылары да кошулду. Евробиримдиктин министрлери бул адамдар "Украинанын аймактык бүтүндүгү, суверендүүлүгү жана көз карандысыздыгына шек келтиргени" үчүн санкцияга кабылганын айтышты. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркиянын Сакария университетинде Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди

Түркиянын Сакария университетинин Түрк дүйнөсүн изилдөө борбору жана аталган окуу жайдагы Кыргыз студенттеринин коомдук бирикмеси уюштурган иш-чарада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча илимий баяндамалар окулду. Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары боюнча жергиликтүү студенттерге суроо-жооп катары оюн уюштурулуп, баалуу сыйлыктар берилди. Ошондой эле кыргызстандык студенттердин демилгеси менен жазуучунун чыгармалары сахналаштырылды. Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айтматовдун Түркиядагы орду

Түркиянын билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген "100 классикалык чыгарма" тизмесине кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун да чыгармалары кирген. Орто мектеп жана университеттердин окуу программасына Айтматовдун "Ак кеме" повести дагы бекитилген.

Azattyk.org 

Атамбаев: Текебаевди каматтырбай койсом болмок

Мурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалы менен маегинде “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал Текебаевге чара туура колдонулганын, ошентсе да “аны каматтырбай койсом болмок” деген өкүнүчү бар экенин айтты. “Мыйзамды бузуп, каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы чын”,-деди Атамбаев. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атамбаев: Бабановдун иштери жабылыш керек

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалына курган маегинде мурдагы премьер-министр, былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айтты. Ал Бабанов шайлоо өнөктүгү маалында кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин билдирди: "Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Читать дальше...

Azattyk.org 

Театрга айланган айыл

Нарында бир айылдын көчөсүн тургундар сахнага айландырышты. Жалал-Абаддагы абакта мөөнөтү бүтүп жаткандар кесипке үйрөнүп, психологдон жардам ала баштады. Бишкекте арабада отургандар үчүн атайын бий студиясы иштей баштады. Европа шаарларын кыдырып кыргыздын көөнөрбөс көркөм улуттук кийим-кечегин даңазалаган уз айымдар. Ушул жана башка баяндар “Данисте” телетоптомунун мазмунун түздү.

Azattyk.org 

Чачылган элдин кор болгон балдары

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) катуу зомбулукка кабылды деген эки жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу кабатырлануусун билдирди.

Azattyk.org 

Атамбаев: Эң чоң адашканым президенттик шайлоо болду окшойт

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалынын журналистинин суроолоруна жооп берип жатып, былтыркы президенттик шайлоону эң чоң адашуусу катары мүнөздөдү. Ал бир топ региондордон ага адамдар келип, президент тууралуу нааразылыгын айтып жатканын билдирди. “Алардын эң негизги нааразычылыгы, “сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп жатат, өзүнө каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп жатат” деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай 2 миңдей казакка өлкөдөн чыгууга уруксат берди

Кытай бийлиги 2 миңден ашуун этникалык казактарга Казакстанга чыгып кетүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров 10-декабрда Астанадагы брифингде билдирди. "Кытай тарап жакшы санаалаштык иретинде 2 миңден ашуун казактарга Кытайдын аймагынан чыгууга уруксат берди. Алар кармалган адамдар эмес, өлкөдөн чыга албай жаткандар",-деп тактады министрликтин өкүлү. Маалыматка ылайык, расмий Бээжин мындай уруксатты Кытай жана Казакстандын жарандыгы бар казактарга гана берди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Татарлар тилин коргоп чыгышты

Армениядагы шайлоодо Никол Пашиняндын блогу алдыга чыкты. Францияда “сары кемселчендердин” акциялары төрт жумадан бери токтой элек. Сауд Аравия менен Иран кайрадан бири-бирин айыпташты. Евробиримдик сириялык качкындарга баш паанек берген мамлекеттерге колдоо көрсөтүүнү улантат.

Azattyk.org 

Казандагы митингде татар тилинин маселеси көтөрүлдү

Орусиянын курамындагы Татарстандын баш калаасы Казанда жекшемби күнү оппозициячыл партиялардын тарапташтары жана шаардыктар биргелешкен нааразылык акциясына чыгышты. Мэрия менен макулдашылган митинг калаа борборундагы аянтта өттү. Алар жергиликтүү бийликтен жана Орусия президентинен Татар улуттук университетин түзүүнү жана татар тилин бардык тармактарга киргизүү менен кошо “Эне тилдерин окутуу жөнүндө” мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышты. Ошондой эле алар жумуриятта таштандыны кайра иштеткен заводду куруудан баш тартууга да чакырышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Адам укуктарынын арабөк абалы

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган эл аралык жыйын Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.

Azattyk.org 

Араб өлкөлөрүнүн саммитиндеги ажырым

Сауд Арабиясы менен Иран кайрадан бирин бирин айыпташты. Расмий Эр-Рияд Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин кезектеги саммитинде Иранды "чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип жатат" деп сынга алды.

Azattyk.org 

ЕККУнун байкоочулары Армениядагы шайлоону кубатташты

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясы Армениядагы кезексиз парламенттик шайлоо "чыныгы атаандаштык" менен өткөнүн билдирди. Байкоочулардын 10-декабрда жарыяланган баштапкы корутундусунда айтылгандай, жекшембидеги шайлоо учурунда добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары жалпысынан катталган жок. "Ачык саясий дебат, анын ичинде маалымат каражаттарындагы талкуу жандуу өнөктүккө салым кошту. Бирок Интернеттеги кастыкты козутуучу билдирүүлөр тынчсыздануу жаратты"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Адам укуктарынын абалы талкууланды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган эл аралык жыйын Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.

Azattyk.org 

Красноярск: Кыргызстандык мигрант аял кызынын өлүмүнө шектелип жатат

Орусияда кыргызстандык аял “өз кызын бычактап өлтүрдү” деп шектелип жатат. Окуянын күбөлөрү “Азаттык” радиосуна айтып бергенине караганда, окуя 8-декабрда Красноярск шаарында болгон. Жалал-Абад облусунун Сузак районунан барып, ошол жакта пол жууп иштеп жүргөн 48 жаштагы аял нан бышыруучу цехте иштеген 25 жаштагы кызы менен уруша кетип, чырдын аягы өлүм менен аяктаганы айтылууда. Учурда ал полицияда камакта, күнөөсүн моюнуна алды. Красноярсктагы кыргыз жамааты кыздын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү аракетин көрүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жумгалда каза болгон баланын өлүмү боюнча иш козголду

Жумгал районунда каза болгон 8-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1, 2-бөлүмү (“Саламаттыкка адамдардын тобу тарабынан бейбаштык максаттарда атайын оор залал келтирилип, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген кылмыштын белгилери”) менен иш козголду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай 9-декабрь күнү Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын “Ынтымак” спорт ордосунда аталган айыл... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда мурдагы полиция кызматкери 56 аялды өлтүргөнү үчүн соттолду

Орусияда 22 аялды өлтүргөнү үчүн үч жыл мурда өмүр бою абакка кесилген мурдагы полиция кызматкерине дагы бир сот өкүмү чыкты.  Иркутсктун соту 10-декабрдагы өкүмү менен 54 жаштагы Михаил Попковго дагы 56 аялды өлтүргөнү үчүн экинчи ирет өмүрүнүн акырына чейин абакка кесүүнү, аны сержант наамынан ажыратууну чечти.  Орус медиасында "Ангарск маньягы" деген атка конгон Попков Орусиянын тарыхындагы эң коркунучту киши өлтүргүч катары мүнөздөлүп келет.  Чыгыш Сибирдеги Ангарск шаарында полиция кызматкери... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ирак ИМ тобун жеңгенинин бир жылдыгын белгилеп жатат

Ирак өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун жеңилгенинин бир жылдыгын белгилеп жатат.  Өлкөнүн премьер-министри Адел Абдел Махди 10-декабрдагы телекайрылуусунда Ирак бир жыл мурда "Ислам мамлекети" тобун өз аймагынан сүрүп чыгаруу менен "терроризмдин желдеттерине каршы эң чоң жеңишке" жеткенин айтты.  Ал ошондой эле өлкөдө коррупциянын тамырын кыркууга, жер которууга аргасыз болгон жүз миңдеген адамдардын өз үйлөрүнө кайтып барышына көмөк көрсөтүүгө убада берди.  10-декабрь Иракта расмий майрам катары белгиленет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда 20 миңден ашуун киши "кара тизмеден" чыгарылды

Өзбекстанда "диний-экстремисттик уюмдарга катышы бар" деп шек саналган 20 миңден ашуун киши "кара тизмеден" чыгарылды. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 8-декабрда Ташкенттеги өлкөнүн Конституциясынын кабыл алынганынын 26 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.  Ал жаңылыштык менен диний-экстремисттик уюмдардын таасирине кабылып, кийин бул аракети үчүн өкүнгөн кишилердин кайрылуусун кароо боюнча республикалык комиссия түзүлгөнүн айтты.  Мирзиёев быйыл 19-сентябрда “Катачылык менен экстремисттик... Читать дальше...


Автостат: наиболее распространенным кроссовером в Москве является Nissan X-Trail

Любимый внедорожник россиян стал еще доступнее: известна цена

Эксперты согласились с мнением Сечина о пересмотре промышленной политики России

Объем сделок на ПМЭФ-2024 превысил 6 трлн рублей



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Автостат: наиболее распространенным кроссовером в Москве является Nissan X-Trail

Команда из Мытищ победила в турнире Подмосковья по стритболу

"Союзмультфильму" - 88 лет: интересные факты о студии и мультфильмах

Концерты детского патриотического конкурса прошли в Музее Победы

Музыкальные новости

Собянин рассказал, что столичные промышленники производят для метро Москвы

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

В Санкт-Петербурге прошел Кубок ПМЭФ по конкуру

Пиар Менеджер для Артистов, Музыкантов, Композиторов, Актеров, Поэтов, Писателей, Моделей, Дизайнеров, людей любых творческих профессий и брендов!

Новости России

Команда из Мытищ победила в турнире Подмосковья по стритболу

Эксперты согласились с мнением Сечина о пересмотре промышленной политики России

Объем сделок на ПМЭФ-2024 превысил 6 трлн рублей

Москвич застрял пенисом в цементе, когда делал его скульптуру

Экология в России и мире

Помощь российских армян СВО. Поддержка тыла важна для передовой

Туристка заразилась плотоядной болезнью и потеряла руку: новая инфекция начала распространяться на людей, посещающих достопримечательности

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

Спорт в России и мире

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Теннисист Медведев снялся с турнира ATP в Нидерландах из-за травмы

Соболенко, проигравшая Андреевой, потеряет 2-е место в рейтинге WTA по итогам «Ролан Гаррос», уступив его Гауфф

Тарпищев о Медведеве и Рублеве: без травм сыграют в Париже лучше, чем в Токио

Moscow.media

В Забайкалье пятерых мигрантов задержали за групповое изнасилование девочки-подростка

В Орле опять неполадки с движением троллейбусов

Остров Огой.

Глазово







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *