Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2018

Новости за 08.12.2018

Azattyk.org 

Армандуу Жеңиш таңы

Кыргыз музыкасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына таасирленип чыккан чыгармалар көп. Обон чыгарууга жаңыдан киришип жүргөн Саид-Махамад Калыбеков жакында өзүнүн обондорунун бирин улуу жазуучунун чыгармаларына таасирленип чыгарды. Автор ырдын сөзүн да, обонун да өзү жазган. Музыкалык кайрыктар негизинен Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестиндеги балдардын башына түшкөн согуш апаатын эске салат.

Azattyk.org 

Кадыржан Батыровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилди

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, бозгунда жүрүп көз жумган Кадыржан Батыровдун сөөгү Өзбекстандын Ташкент облусундагы Занги-Ата районунда жерге берилди. Маркумдун жакындары "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиргендей, райондун акимчилиги алгач сөөктү жашырууга уруксат берген эмес. Узакка созулган сүйлөшүүдөн соң макулдук алынып, райондогу көрүстөндөрдүн бирине көмүлдү. Маркумдун жакындары анын сөөгүн Жалал-Абадда жерге берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырган. Буга байланыштуу маселе жергиликтүү жетекчилер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Караколдун базарында өрт чыкты

Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарында өрт чыгып, үч контейнер күйүп кетти. Учурда чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ӨКМдин Каракол шаарындагы бөлүмүнөн кабарлашты.  Базарды толугу менен милиция кызматкерлери курчоого алды. Бул базарда ушул жылдын күз айында да өрт чыккан. (ASM)

Azattyk.org 

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдарга карата зомбулукка көңүл бурду

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) бийлик органдары менен бирге ата-энеси миграцияга кеткен балдарды асыроо жол-жобосун иштеп чыгат. Ага ылайык, ата-энелер чет өлкөгө кетээрдин алдында балдары үчүн жоопкер дайындап кетиши керек. Ал адам балдар үчүн жоопкерчилик алып, жөлөкпулду колдонууга укуктуу болушу зарыл. Мындай билдирүүнү ЮНИСЕФ Чүй облусунда чарчап калган эки жашаар наристенин өлүмүнөн соң таратты. Бул баланын энеси Орусияда иштегени кетип, наристени тааныш курбусуна калтырганы белгилүү болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: кар жаайт

Айрым аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн -4...1, күндүз 7...12; Таласта түнкүсүн -4...1, күндүз 4...9; Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11; Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11; Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8 градус болот. Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 7…9 градус болот.

Azattyk.org 

Парижде “сары кемселчендердин” нааразылык акциясы башталууда

Франциянын борбору Парижде “сары кемселчендер” деп аталган жарандардын нааразылык акциясы өтүп жатат. Өкмөттүн күйүүчү майга салык киргизүү планына каршы уюштурулган буга чейинки акциялар ири башаламандык менен коштолгон. Француз бийлиги бүгүнкүгө белгиленген нааразылык акцияларынын алдында бир нече шаарга кошумча коопсуздук кызматкерлерин жөнөткөн. Мындан сырткары Париждеги бир катар белгилүү туристтик жайлар, дүкөндөр, Лувр баштаган музейлер, алардын ичинде Эйфел мунарасы да жабылган. Өлкө боюнча 89 миң... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Алсыз" эркектин аялы айыптуу...

Соңку кездери жаш келиндер арасында төрөй албай жүргөндөр көп экени айтылып келет. Адатта мындай учурларда үй-бүлөдөгү тукумсуздукка аялдарды айыптаган учурлар арбын. "Аялзат" түрмөгү бул жолу ушул темага арналды.

Azattyk.org 

Казакстандык активист үй-бүлөсү Бишкекте кармалганын айтып чыкты

Бозгундагы казакстандык активист Жандос Алимкулов жубайы, энеси жана эки кызы Бишкек аркылуу Европага учаар алдында кармалганын айтып чыкты. Мындай билдирүүнү Алимкулов "Фейсбуктагы" баракчасына калтырган. Анда учурда Киевде жүргөн активист Казакстанда үй-бүлөсү ар түркүн басымга кабылгандыктан Бишкек аркылуу Европага учууга аракет кылганын билдирген. Бирок “Манас” аэропортунда жубайы Динара Байтасова, кыздары Фатима, Аиша жана энеси Данекүл Сарсенованы Кыргызстандын атайын кызматтары кармап кеткенин билдирүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт алдындагы антикоррупциялык кеңеш ишин жаңыча жүргүзөт

Өкмөттүн алдындагы антикоррупциялык кеңеш ишин жандантат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган кеңеш мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун антикоррупциялык чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жаатында аянтча болуп саналат. Аны премьер-министр жетектейт. Өзгөртүлгөн жоболорго ылайык, эми кеңешке коррупцияга каршы күрөштү мониторинг жасоо, жемкордукка каршы күрөштүн тутумун аныктоо сыяктуу жаңы критерийлер киргизилди. Кыргызстанда бийлик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коррупцияга шектелген министрдин орун басары тергөө бүткүчө камакта болот

Транспорт министринин пара менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиев тергөө аяктагыча камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Кылмышка шектүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө абагында кармалмакчы. Транспорт жана жолдор министрин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын эки күн мурда УКМК кабарлаган. Маалыматка ылайык, Жусубалиев акчаны түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте Адам укуктарына арналган жөө жүрүш өттү

Бишкекте Адам укугунун Бүткүл дүйнөлүк декларациясынын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата жаштардын жүрүшү өттү. Элүүгө жакын адам Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин жөө басып өтүштү. Алар колдоруна адам укугун сактоого чакырган плакаттарды көтөрүп, “Адам укуктарынын сакталышы үчүн” деген ураандарды чакырышты. Жүрүш Курманжан Датканын эстелигинин жанында аяктады. Бул жүрүштү Кыйноонун алдын алуу улуттук борбору уюштарган. Борбордун өкүлдөрү өлкөдөгү зордук-зомбулук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда журналисттер спорттук иш-чарада күч сынашууда

Спорттук мелдеш Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына жана телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулду. Аны Кыргызстан журналисттер союзунун Жалал-Абад обласундагы бөлүмү жана Жалал-Абад мэриясы менен бирге уюштурган. Мелдеште облустагы журналисттер кичи футбол жана волейбол оюну боюнча күч сынашууда. Жалпысынан 11 команда катышып жатат. Спорттук мелдештер Жалал-Абад шаарындагы “Кыргызгазпромдун” спорт комплексинин залында өтүүдө. Байге фондуна 50 миң сомдук... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети билдирүү таратты

Анда комитет Кытайдагы саясий-тарбия берүү лагерлеринде жаткан кыргыз улутундагы кандаштарды колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Бирок айрым социалдык тармактарда аша чапкан, туура эмес, мыйзамсыз чакырыктар чыгып жатканын белгилеп, мындай аракеттерге жол бербөө зарылдыгын белгилешкен. “Арабызда жүргөн башка мамлекеттин жарандарына, конокторубузга каршы зордук-зомбулук, чакырыктар мыйзамсыз жана кылмыш деп эсептейбиз. Кытайдагы кыргыздардын абалын жакшыртууга жардамдашуу тууралуу саясий кайра... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тарых: Армениядагы жер титирөө

Советтик Армениядагы катуу жер титирөө 1988-жылы 7-декабрда болгон. Кырсык саналуу мүнөттөрдө өлкөнүн 1% калкынын - 25 миңдей миңдей адамдын өмүрүн алган. Зилзала Спитак, Киркован (азыркы Ванадзор), Ленинакан (азыркы Гюмри) калааларын талкалаган. Дал ушул окуядан Советтер Союзу эл аралык жардамга чек арасын ачкан.

Azattyk.org 

АКШ прокуратурасы Трампка байланыштуу жаңы документти жарыялады

АКШнын федералдык прокуратурасы жана атайын прокурор Роберт Мюллер 2016-жылдагы президенттик шайлоо алдында Орусиянын таасири тууралуу жаңы документ жарыялады. Анда Дональд Трамптын айланасындагы адамдардын бири орус бийлиги менен байланышта болгону айтылат. Трамптын адвокаты болгон Майкл Коэндин ишин карап жаткан атайын кайрылууда прокурор Мюллер айыпталуучунун тергөөгө жардамын эске алууга чакырды. Маалыматка ылайык, Коэн 2015-жылы эле орус бийлигине жакын адам Трамптын Орусиянын президенти... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Сүйгөнүм жок жашай албайм, кечиргиле..."

Жети-Өгүз районунун Дархан айылында 19 жаштагы кыз асынып каза болду. Бул окуяга удаа эле анын 21 жаштагы жигити Беловодскийдеги түзөтүү абагында өзүн өзү атып жан берген.

Azattyk.org 

Президент телерадиокызматкерлерин куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда Жээнбеков “телерадио кызматкерлери мамлекеттик бийлик органдарынын ишин күн сайын электен өткөрүп, өлкөгө, элине жаңыча дем берип жатат” деп белгилеген. "Жаран жана анын маалыматка болгон талабына шайкеш келген, маданий жана руханий муктаждыктарын камсыз кыла алган теле көрсөтүүнү түзүү үчүн дагы көп аракет жумшообуз керек”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Вечерний Бишкекти” Александр Кимге кайтаруу боюнча арыз берилет

“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн акцияларын Александр Рябушкинге өткөрүп берген сот чечимин жокко чыгаруу боюнча арыз берилет. Бул тууралуу “Вечерний Бишкектин” мурдагы кожоюну Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калдыбаевдин 2015-жылкы чечими мыйзамсыз болгон жана ал жокко чыгарылышы керек. 7-декабрда Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн курамына кирген “Рубикон” жарнамалык фирмасын Александр Кимге кайтарып берүү боюнча чечим чыгарган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Апелляциялык сот Армениянын экс-президенти Кочарянды камакка алууну буйруду

Армениянын Жогорку Апелляциялык соту өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочарянды камакка алуу боюнча чечимди күчүндө калтырды. “Азаттыктын” армян кызматынын кабарлашынча, мындай чечимди сот жума күнү кечинде кабыл алды. Эми Армениянын Конституциясындагы экс-президенттин кол тийбестик макамына карабастан Кочарян камакка алынышы керек. Роберт Кочерян 28-июлда камакка алынган. 13-августта өлкөнүн Апелляциялык соту алгачкы баскычтагы соттун чечимин четке кагып, экс-президенттик боштондукка чыгарган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда милиционерлер Куран кармап ант беришти

Өткөн жумада Ташкент облусундагы Жогорку Чырчык районунун ички иштер бөлүмүндө иштегендер Куран кармап, пара албоого, алдамчылык кылбоого ант беришти. Социалдык тармактарга аталган райондун милициясынын кеңсесиндеги ант берүү аземинде тартылган сүрөт тарады. Жогорку Чырчык ИИБда иштеген, жазалануудан чочулап атын атагысы келбеген кызматкердин "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиргенине караганда, ант берүү райондун имамынын катышуусунда өттү: - Жеке курамдагы ар бир кызматкер Курандын өзбек тилиндеги нускасын кармап... Читать дальше...


В Москве возбудили дело после нападения на Щельцина

"Ты втираешь мне какую-то дичь". Как последний панк Ступа делал дичь из своей жизни

Певица Людмила Зыкина родилась 95 лет назад

Куплю, обмен бумажные Английские фунты стерлингов, старые Швейцарские франки и другие



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Сергей Собянин. Главное за день

Певица Людмила Зыкина родилась 95 лет назад

Куплю, обмен бумажные Английские фунты стерлингов, старые Швейцарские франки и другие

В Москве возбудили дело после нападения на Щельцина

Музыкальные новости

Валерия Олюнина: Особенности армянофобии в России и Александр Артамонов. Армения и Ватикан

Юлия Пересильд, московский Театр на Таганке, ММОМА – участники 3-его фестиваля «Территория. Красноярск» раскрывают грани современного искусства

«Локомотив» готов рассмотреть продажу Баринова, футболистом интересуются клубы Испании, Франции и Турции

Америкой и Европой сенсационно управляет Гольфстрим. Научная сенсация!

Новости России

Сергей Собянин. Главное за день

Таджикистан

Певица Людмила Зыкина родилась 95 лет назад

Можно ли прожить без музыки? Дискуссия протагонистов музыкального бизнеса

Экология в России и мире

Купаться надо уметь: правила, которые сохранят вам жизнь

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Новая коллекция ювелирных украшений Louis Vuitton

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Спорт в России и мире

Калинская поддержала Синнера после поражения на "Ролан Гаррос"

Теннисист Медведев снялся с турнира ATP в Нидерландах из-за травмы

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Экс-теннисист Ольховский: Рублев не успел набрать форму на "Ролан Гаррос"

Moscow.media

«Автодор» – к концу 2025 года скоростными дорогами госкомпании будет охвачена половина населения России

Роман Старовойт выразил готовность оказывать дальнейшую поддержку в строительстве Ленского моста в Якутии

Остров Огой.

Пустынная долина Кодара...







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *