Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2018

Новости за 18.12.2018

Azattyk.org 

Трамп космос күчтөрүн түзүүнү буйруду

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өлкөнүн космостогу аскердик операцияларын көзөмөлдөгөн космос командачылыгын түзүүнү буйруду. 18-декабрда Трамп Коргоо министрлигине космос операцияларын көзөмөлдөп, уюштурууну караган, техникалык прогрессти тездеткен жана АКШнын космостогу жабдууларын, анын ичинде спутниктерди коргоонун натыйжалуу жолдорун караштырган жаңы командачылык түзүүнү буйруган меморандумга кол койду. Вашингтондун бул кадамы Орусия менен Кытайдын АКШ байкоо жана байланыш жагынан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран: элдин сыны күйөө баланы иштен алды

Ирандын президенти Хасан Роуханинин 33 жаштагы күйөө баласы коомчулуктун басымы астында өкмөттүк кызматтан баш тартууга аргасыз болду. Президент Роуханинин кызына үйлөнгөнүнө жарым жыл боло элек жаш адис жооптуу ишке дайындалганына эки гана күн болгон.

Azattyk.org 

Иши токтогон кытайлык сүрөтчүлөр

Европанын бир нече ири шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өттү. Орусияда мигранттардын коомго аралашуусу суроо жаратууда. Өзбекстан көчөдө кайыр сурагандарды камай баштайт. Грузияда түрмөдө отургандарга жогорку билим алууга шарт түзүүчү долбоор башталды. Индиянын өкмөттүк кварталын жапайы маймылдар каптады. Кытайда көчүрмө сүрөт тартып саткандардын иши жүрбөй калды. Москвада пенсионер айымдар мода көрсөтүштү.

Azattyk.org 

Китептеги ката окуучуну маңкурт кылат

К.К. Жунушалиеванын, Р.А. Мырзаеванын жалпы билим берүүчү орто мектептердин 6-классы үчүн сунуштаган география боюнча окуу китебиндеги оркойгон каталар туурасында.

Azattyk.org 

Мурдагы дипломат элчиликти айыптады

Кыргызстандын Белгиядагы мурдагы консулу Ануар Абдрахманов элчиликте мыйзам бузуу фактылары бар экенин айтып, аларды иликтөөнү өтүнүп жатат.

Azattyk.org 

Косово менен Сербиянын лидерлери БУУда жолугушту

Косово менен Сербиянын лидерлери Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде жолугушту. 14-декабрда өлкө парламенти Косовонун жеңил куралданган коопсуздук күчтөрүн толук кандуу армияга айлантуу боюнча өкмөттүн сунушун жактырган. Ага ылайык, 2500 адамдан турган коопсуздук күчтөрүн акыркы үлгүдөгү курал менен жабдылган, беш миң аскерден турган армияга айлантылат. Приштинанын бул кадамы Косоводогу этникалык сербдердин, Белграддын кыжырын келтирген.  Буга байланыштуу Сербия 17-декабрда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин чакыртты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кремль: АКШ Сенатында жарыяланган баяндамалар "негизсиз"

Кремль АКШ Сенаты Орусиянын шайлоодогу аракети боюнча баяндамасындагы маалыматтарды “негизсиз” деп атады.  17-декабрда АКШ Сенатынын Чалгын комитети үчүн даярдалган баяндамалар жарыяланган.  Документтерде Орусия эл жапырт колдонгон «Facebook», «Twitter», «Instagram» жана «YouTube» социалдык сайттары аркылуу 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого таасир этип, Дональд Трамптын жеңип чыгышына көмөктөшкөнү айтылат.  Иликтөөнү Оксфорд университетинин жана «Graphika» компаниясынын талдоочулары жүргүзүшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыйноо үчүн жазалангандар жокко эсе

Кыргызстанда жабык жайларда кармалгандардын 90 пайыздан көбү милициянын кыйноосуна кабылат. Ага карабастан ушуга чейин Ички иштер министрлигинин кыйноо үчүн айыпталган үч гана кызматкери сот жообуна тартылган.

Azattyk.org 

Финчалгын банк сырларына кызыкты

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтын коммерциялык банктардан бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүүнү талап кылып жатканы ачыкка чыкты.

Azattyk.org 

Айка "Оскардын" кыска тизмесинде

Кытай "реформа жана ачыктык доорунун" 40 жылдыгын белгилөөдө. Казак президенти Нурсултан Назарбаевди даңазалаган алтынчы фильм жарык көрдү. Орусияга иштегени барып азап тарткан кыргызстандык Айканын тагдыры тууралуу тасма "Оскардын" кыска тизмесине илинди.

Azattyk.org 

Пермь: мектепке кол салган өспүрүм 10 жылга кесилди

Орусиянын Пермь шаардык соту жергиликтүү мектепке кол салган өспүрүмдү тогуз жыл сегиз айга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алды. 17 жаштагы өспүрүмгө "28 окуучунун жана мугалимдин өмүрүнө кол салууга аракет кылган", "атайлап мектеп мүлкүн кыйраткан" деген айыптар тагылды. Сот ошондой эле аны жабырлануучулардын пайдасына сегиз миллион рубль компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Соттук жараян маалында айыпталуучу 2017-жылы мектептин кароолчусуна да кол салганы айкын болду.  Үстүбүздөгү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Миграцияда өткөн жылдар

18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү. Акыркы 10 жылда чет өлкөгө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктар кескин көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын саны 800 миңди түзсө, расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны эки эсе көп.

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшту

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңешинин Ош шаарында өтүп жаткан экинчи жыйыны аяктады. Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, жыйын соңунда Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшту.  Жол картасына соода тармагында, өнөр жайында биргелешкен кооперация түзүү, карантин жана ветеринария тармактарында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстандык аялдардын 90% күйөөсүнүн каарынан коркушат

Бул өлкөнүн Статистика агенттигинин изилдөөсүнөн кийинки маалымат. Сурамжылоого 15-49 жашка чейинки 10 миң аял катышкан. Жооп бергендердин көбү кандай гана кадамы болбосун күйөөсүн кызгантып же каарына тиерин белгилешкен. Жергиликтүү укук коргоочулар кыздар адегенде турмушка чыга электе агасынан же атасынан коркуп жашап, ал эми турмушка чыкканда коркуу сезими күчөй турганын белгилешет.  Сурамжылоого катышкан ар бир үчүнчү тажикстандык кыз-келин күйөөсүнүн ур-токмогуна же жыныстык зомбулугуна кабылганын айтып беришкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Конституциялык палата ыйгарым укуктары боюнча сынга жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланып жатат” деген сынына байланыштуу Конституциялык палата 18-декабрда расмий билдирүү таратып, жооп кайтарды. Анда "айрым депутаттар Конституциялык палатанын дарегине сын айтуу менен билип туруп коомчулукту адаштырып, Конституциялык көзөмөл жүргүзгөн жогорку соттук органдын ишмердигин дискредитациялоого багытталган" деп айтылат.  "Кайсы бир мыйзамдын ченеми Конституцияга толук же жарым-жартылай шайкеш... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү күчөдү

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин Ош шаарында өтүп жаткан экинчи жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 11% арбыганын билдирди. Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, өкмөт башчы мында чектеш облустар өзгөчө маанилүү роль ойной турганына токтолду:  - Быйыл 9 айда өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 250 миллион доллардан ашуун сумманы түздү, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11% көп. Бирок биздин мамлекет башчылар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыркы эки жылда Кыргызстанда 1140 адам кыйноого кабылды

2016-жылдан 2018-жылдын ушул айларына чейин Кыргызстанда 1140 киши кыйноого кабылганын айтып кайрылды. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициянын сөз болуп жаткан жылдарга жасалган баяндамасында жарыяланды. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн белгилешкен. Баяндамадагы статистикалык маалыматтар жана кыйноонун алдын алуу чаралары 18-декабрда Бишкекте атайын жыйында да талкууланды. Ноябрда Кыргызстандын Кыйноонун алдын алуу боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент санариптик өнүгүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимине кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.  Чечимдин долбоору 14-декабрда президенттин төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.  Долбоор Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштары жана сын пикирлерин эске алуу менен толукталып иштелип чыккан.  Документте 2019-2023-жылдарга карата Кыргызстанды санариптик трансформациялоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Талаш жараткан төш белгилер депутаттарга бериле баштады

Жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттардын талаштуу төш белгилери эки жылдан соң бериле баштады. Борбордук шайлоо комиссиясы 18-декабрда билдиргендей, төш белгилер 10000 нускада даярдалган. Жалпы баасы 740 000 сом.  Борбордук шайлоо комиссия 2016-жылы 21-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында төш белгилер боюнча тендер жарыялаган. Жалпысынан тогуз миң төш белги менен тогуз миң күбөлүккө 6 миллион сомдон ашык акча коротулары айтылган. Сынакка 11 фирма катышкан. Анда ар бир төш белги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кайдыгерлик, кан жолдо кыйылган өмүр

Кыргызстанда акыркы күндөрдө онго чукул кишинин өмүрүн алган жол кырсыктары жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун кайрадан күн тартибине чыгарды.

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Исаковду 5-январга чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 5-январына чейин узартуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Исаков мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын катчылыгы билдирди. Райондук соттун чечими 1-декабрда чыккан. Буга макул болбогон Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.  Исаковду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтү Улуттук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жозе Моуринью "Манчестер Юнайтедден" кетти

"Манчестер Юнайтед" футбол клубунун машыктыруучусу Жозе Моуринью бул кызматтан кеткенин клуб "Твиттердеги" баракчасына жарыялады. 55 жаштагы португалиялык машыктыруучу бул кызматка 2016-жылдын май айында келген. Андан бери команда бир катар мелдештерди, анын ичинде Англиянын суперкубогун, Футбол лигасынын кубогун уткан жана 2017-жылы УЕФАнын Европа Лигасы турниринде "Манчестер Юнайтеддин" тарыхында биринчи жолу жеңишке жеткен.  Кийинки башкы машыктыруучу ким болору азырынча белгисиз, клубдун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун куруучулары кайрадан митингге чыгышты

18-декабрда Чолпон-Ата шаарына чогулган элүүдөн ашык жол куруучулары дагы эле август айынан берки маянасын ала албай жатканын жергиликтүү бийликтегилерге айтып, нааразы болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Балыкчы-Тамчы-Корумду жол курулушунун башкы инженеринин жардамчысы Эркинбек Бейшембиев билдирди: - Тээ жайындагы акчабызды ала элекпиз. Июль, август, сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларынын акчасы бар. "Эртең берилет" деп убада берди, кытайлар. Эртең да көрөбүз эми, - деди ал.  Нааразы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Будапештте нааразылык акциялары уланып жатат

Венгриянын баш калаасында премьер-министр Виктор Орбандын оңчул өкмөтүнүн саясатына каршы нааразылык акциялары бешинчи күн катары менен уланды.  17-декабрдын кечинде миңдей адам, алардын арасында парламенттеги оппозициячыл партиянын бир нече депутаты мамлекеттик MTVA телеканалынын алдына чогулуп, "Биз кетпейбиз", "Алар күнү-түнү калп айтып жатышат" деген ураандарды чакырып жатышты.  Ал эми депутаттар түз эфирге чыгып, нааразылыкка чыккандардын талаптары камтылган петицияны окууга аракет кылышканда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиядан которулган акчанын суммасы боюнча Өзбекстан эң алдыда

Орусиядан которулган акчанын суммасы боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан лидерлик кылууда. Орусиянын Борбордук банкы тараткан кабарга ылайык, 2013-жылдын тогуз айында Орусиядан башка мамлекеттерге 9,8 миллиард доллар которулган. Анын үч миллиарддан ашыгы Өзбекстанга жөнөтүлгөн.  Расмий маалымат караганда, Кыргызстанга 1,7 миллиард, Тажикстанга 1,9 миллиард, Казакстанга 500 миллион доллар которулган. Орусияда Борбор Азиядан барган миллиондогон мигранттар бар. Кыргызстандан кеткендер... Читать дальше...


Средняя цена "походной" корзины в 2024 году составит 24 900 рублей

Проблемы создания бизнеса за рубежом

Политический блок Молдавии «Победа» запускает программу сотрудничества с ЕАЭС

Доведение до смерти: как магнитные бури влияют на здоровье и кто в группе риска



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Заслуженная артистка России Галина Свербилова ушла из жизни

Противники Пашиняна направились к зданиям парламента и администрации президента

Умерла Мальвина из «Золотого ключика»: страна прощается с Галиной Свербиловой

«Эмоции нужно выражать культурно»: рэпер Звонкий — о политических взглядах, зрителях и хорошем вкусе

Музыкальные новости

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

Собянин: Более 220 единиц новой медицинской техники начали использовать в Москве

Юлия Пересильд, московский Театр на Таганке, ММОМА – участники 3-его фестиваля «Территория. Красноярск» раскрывают грани современного искусства

В 16-ти городах состоялись первые этапы «Чемпионата «Школы Росатома» по хоккею на траве 5+»

Новости России

Заслуженная артистка России Галина Свербилова ушла из жизни

Жилищный запрос: новостройки юга России за год подорожали в полтора раза

Вильфанд рассказал, какую погоду ждать в Москве на этой неделе

Противники Пашиняна направились к зданиям парламента и администрации президента

Экология в России и мире

Об отношении к русским в Азербайджане

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Какие украшения будут в моде летом 2024 – подборка стилиста «585*ЗОЛОТОЙ»

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

Спорт в России и мире

Андреевой предрекли борьбу за топ-10 рейтинга WTA в текущем сезоне

Испанец Карлос Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Теннисистка Андреева заявила, что хочет войти в топ-20 рейтинга WTA ради собаки

Тарпищев о Медведеве и Рублеве: без травм сыграют в Париже лучше, чем в Токио

Moscow.media

Роман Старовойт выразил готовность оказывать дальнейшую поддержку в строительстве Ленского моста в Якутии

Быстро как. У хуситов появилась гиперзвуковая "Палестина". Наши подвезли?

Трасса М-12 Восток будет продлена до Тюмени в 2025 году

Несмотря на санкции, Amazon поставляла технологии распознавания лиц в Россию







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *